Кыргызстанда Климаттык инвестиция программасынын долбоору иштелип чыкты. Министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борбору билдиргендей, планга 26 климаттык долбоор киргизилди. Болжолдуу бюджети 420 млн АКШ долларын түзөт. Кабыл алынган соң мамлекеттик деңгээлде климаттык каржылоону камсыз кылууга багытталган иш-аракеттердин планы болмокчу. Бул арада Кыргызстан бир катар экологиялык программаларды, инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жатат. Эксперттердин пикиринде, тоо шартында экологиялык иштерди алып баруу өтө татаал жана оңбогондой каражатты талап кылат.
Министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун эксперти Дастан Абдылдаев "Кабар" агенттигине билдиргендей, иштелип чыккан инвестициялык программа 26 климаттык долбоорду камтыйт. Алардын жарымы улуттук инфраструктуралык долбоорлор болору күтүлүүдө.
"Климаттык инвестициялык программанын долбоору учурда министрлер кабинетинин кароосунда. Чөйрөдөгү олуттуу багыттама болуп саналат. Бюджети алдын ала эсептөөлөр боюнча 420 млн АКШ долларын түзөт. Бирок аткарыла турган иштерге жараша бул сумма өзгөрүшү ыктымал. Документ кабыл алынган соң мамлекеттик деңгээлдеги климаттык каржылоону камсыз кылууга багытталган иш-аракеттердин планы катары иштейт", — деп билдирди Дастан Абдылдаев.
Бул Кыргызстандын климаттык өзгөрүүлөр шартында туруктуу өнүгүүгө багытталган ири иш-чараларынын бири. Биздин өлкө мамлекеттик жана эл аралык деңгээлде бир катар экологиялык долбоорлорду, программаларды жүзөгө ашырып жатканы маалым.
Эң алды, өлкөдө Экологиялык коопсуздук жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү концепциясы кабыл алынганы маалым. Анын алкагында энергетика, транспорт, өнөр жай, айыл жана токой чарбасын, калдыктарды башкарууну акырындык менен көмүртектүү нейтралдуу экономикага өткөрүү тапшырмасы коюлган.
Ошондой эле министрлер кабинети тарабынан 2025–2029-жылга чейин жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы бекитилген. Ага ылайык, беш жыл ичинде айыл чарбасынын өндүрүмдүүлүгүн 25%га жогорулатуу, бузулган жерлердин 30%ын калыбына келтирүү, "жашыл" сатып алуулардын пайызын көбөйтүү, энергоэффективдүү технологияларды кеңири киргизүү каралган. Жалпы бюджети 23 млрд сомдон ашып, тышкы финансылык колдоолордун эсебинен жана республикалык бюджеттен каржыланары белгиленген.
Мындан сырткары абанын сапатын жакшыртуу боюнча долбоорге эл аралык донорлор дээрлик 60 млн доллар бөлүшкөнү белгилүү. Ошондой эле калдыктарды башкаруу процессин бирдиктүү система менен жүргүзүү үчүн "Экооператор" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн.
Кыргызстан 2035-жылга чейин климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу боюнча аракеттердин планы камтылган Улуттук деңгээлде аныкталган салымдарды (УДАС 3.0) иштеп чыккан. УДАС 3.0 таза энергетикага инвестицияларды тартуу, имараттар жана өнөр жай тармагында энергия эффективдүүлүгүн жогорулатуу, климатка туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүү жана туруктуу шаардык инфраструктураны түзүү үчүн негиз түзөт. Бул чоң масштабдагы иштерге ири өлчөмдөгү каражат, эл аралык каржы институттарынын колдоосу керектиги маалым.
Бул арада Кыргызстан эл аралык деңгээлде тоолуу өлкөлөрдү климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштырып өнүктүрүү демилгесин илгерилетип келет. Президент Садыр Жапаров сунуштаган БУУнун тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдыгынын (2023–2027-жж.) алкагында дүйнө өлкөлөрүндө ири климаттык жыйындар уюштурулуп жатат. Алсак, кезектеги СОР31 конференциясы 2026-жылдын ноябрында Түркияда өтөт. Ал эми 2027-жылы Бишкек Глобалдык тоо саммитин уюштурат. Айтмакчы, 2024-жылы Түркия Кыргызстандын тышкы карызынын 58,9 миллион долларын кечкен. Бул каражатка биздин өлкө жашыл экономика долбоорлорун ишке ашыруусу керек.
Учурда жаратылышты калыбына келтирүү жана табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча ири долбоор Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ишке ашырылууда. Ал 2029-жылга чейинки "Кыргызстанда ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү" программасы. Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланып, жалпы бюджети 52 млн доллар.
"Долбоор өзгөчө кырдаалдардын тобокелдиктерин системалуу түрдө кыскартууга, бузулган ландшафттарды калыбына келтирүүгө жана аймактардын туруктуулугун жогорулатууга багытталган. Ал инженердик чечимдерди, жаратылышка багытталган чараларды жана институционалдык өнүгүүнү айкалыштырган комплекстүү мамилеге негизделген.
Долбоордун практикалык бөлүгүндө өлкөнүн ар кайсы аймактарында сел, суу ташкындары жана эрозия коркунучтары күчөгөн 21 объектти камтыган портфель түзүлдү.
Мындан тышкары, мамлекеттик кызматтардын институционалдык потенциалын чыңдоо программасы ишке ашырылууда. Ал эми жердин эрозиясын азайтуу, эңкейиштерди турукташтыруу, суу процесстерин жөнгө салуу жана экосистемалардын туруктуулугун жогорулатуу үчүн инженердик "жашыл" чаралар колдонулат.
Долбоор болжол менен 11 миң үй чарбасын жана 10 миң гектар айыл чарба жерлерин коркунучтан коргойт, ошондой эле инфраструктуранын жана жамааттардын табигый коркунучтарга туруктуулугун жогорулатууга багытталган", — деп билдирди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Бул арада Дүйнөлүк банк жалпы Борбордук Азиядагы долбоорлорго ушул күнгө чейин 1 миллиард доллар инвестиция салганын жарыялады. Чөлкөмдүн климаттык милдеттенмелерди ишке ашыруудагы аракетин белгилеп, дагы 300 млн доллар бөлүүгө даяр экенин билдирди.
Энергияны үнөмдөө боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетов эл аралык каржы институттары биздин өлкөнүн тоолуу шартын, Борбор Азиянын ылдыйкы зоналарындагы мамлекеттердин жашоо-турмушун уюштурууга жардам берип жатканын эске алышы керектигин белгилейт.
Анын айтымында, тоолуу жерлерде экологиялык маселелерди чечүү оор жана оңбогондой каражатты талап кылат.
"Кыргызстан сыяктуу тоолуу зоналарда мөңгүлөрдүн азайышы, бат ысып кетүү кооптуулугу жогору. Ошондуктан каражат табуу мүмкүнчүлүгү маанилүү. Кыргызстан климаттын өзгөрүү таасиринде калганына, экономикалык абалына, суу тартыш экенине карабай ылдыйда жайгашкан өлкөлөрдүн жашоо-турмушун уюштурууга жардам берип жатат. Ошол эле убакта биз өзүбүз да климаттын өзгөрүүсүнө ылайыкташуу, анын кесепетине байланыштуу маселелерди чечишибиз керек. Анын үстүнө тоолуу зонада көйгөй менен күрөшүүгө өтө көп каражат керек. Мунун баарын эске алып, эл аралык каржы институттарынан жеңилдетилген мүмкүнчүлүк берсе болмок.
Биздин өлкө өзү деле климаттык өзгөрүүлөрдүн таасирин азайтуу боюнча бир топ аракеттерди көрүп жатат. Мамлекеттик деңгээлдеги программа, долбоорлорду көрүп жатышат. Дүйнөлүк финансы институттары ири каражаттарды чоң-чоң эксперттердин эсептөөлөрүнө жана маалыматтарына таянуу менен беришет да", — деп билдирди энергияны үнөмдөө боюнча эксперт Жаныбек Кулумбетов.