Бишкек, 16.04.26. /Кабар/. Аба ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу 16-19-апрелде тоолуу аймактарда кар көчкү түшүү коркунучу жана кооптуу тилкелерде жер көчкү жүрүү ыктымалдыгы жогору. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына ылайык, жол тейлөө ишканалары керектүү техникалар жана жабдыктар менен камсыздалып, бардык ашууларда кар тазалоочу машиналар, жүктөгүчтөр жана башка атайын техникалар толук даярдыкта турат.
Ошондой эле жолдорго себүү үчүн туз жана кум аралашмаларынын жетиштүү запасы камдалды.
Министрлик айдоочуларды унаалардын ортосундагы 500 метрлик коопсуз аралыкты сактоого чакырат.