Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Заманбап дүйнөдө маалымат каражаттары мамлекеттер жана элдер ортосундагы диалогду өнүктүрүүдө маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу Россиядагы TV BRICS эл аралык медиатармагынын Эл аралык кызматташтык департаментинин директорунун орун басары Евгения Толстогузова ШКУнун ЖМК жана аналитикалык борборлор форумунда билдирди.
Анын айтымында, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) негизги принциптери — өз ара ишеним, тең укуктуулук, өз ара пайдалуу кызматташтык жана маданий көп түрдүүлүктү урматтоо — бүгүнкү күндө да актуалдуу бойдон калууда.
“Бул баалуулуктарды сактоодо жана өнүктүрүүдө медиа өзгөчө роль ойнойт. Маалымдоо каражаттары менен медиадипломатиянын куралы катары мамлекеттер менен элдердин ортосундагы диалогду түзүүгө жардам берет”, — деди ал.
Толстогузова TV BRICS эл аралык медиатармагы учурда дүйнөнүн 35 өлкөсүндөгү 300дөн ашык өнөктөш уюмдарды жана мекемелерди бириктире турганын белгиледи.
Анын айтымында, медиатармактардын негизги милдети — эл аралык процесстер тууралуу маалымат берүү менен гана чектелбестен, өлкөлөр ортосунда мазмундуу пикир алмашууга шарт түзүү.
Ал ошондой эле эксперттердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн ишенимдүү маалыматтык чөйрөнү түзүү маанилүү экенин белгиледи. Бул багытта TV BRICS эл аралык кесиптик программаларды, эксперттик жолугушууларды жана маалыматтык долбоорлорду ишке ашырып жатканын айтты.
А ошондой эле дүйнөдө маалыматтык инфраструктура эл аралык кызматташтыктын маанилүү бөлүгүнө айланып жатканын белгиледи.
“Бүгүнкү медиа жөн гана чындыкты чагылдырган күзгү эмес. Ал коомдорду бириктирип, билимди жайылтып, кесиптик диалогго шарт түзүп, мамлекеттердин ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү жана ишенимди бекемдейт”, — деп сөзүн жыйынтыктады ал.