Толенды Макеев ээлеген кызматынан бошотулду

Кадрлар жана дайындоолор 22 апрель 2025 23:51
Толенды Макеев ээлеген кызматынан бошотулду

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык Макеев Толенды Картанбаевич Кыргызстандын Австриядагы жана Вена шаарындагы резиденциясы менен ишин айкалыштыруу боюнча Словакия жана Чехиядагы элчиси, ошондой эле ЕККУдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызматынан бошотулду.