Чычкан капчыгайындагы селдин кесепеттери жоюлду

Аймак 22 Июль 2026 09:10
749355381_2142208686646384_2977992763445345292_n.jpg
749041854_2142208803313039_1217471203728104351_n.jpg
753192777_2142208909979695_6936329510429097438_n.jpg
Алдыга
Артка
749355381_2142208686646384_2977992763445345292_n.jpg
749041854_2142208803313039_1217471203728104351_n.jpg
753192777_2142208909979695_6936329510429097438_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 22.07.26. /Кабар/. Күн мурун кечки саат 19:12де Бишкек – Ош унаа жолунун 249-чакырымындагы Токтогул районунун Чычкан капчыгайынын Казы-Жар тилкесинде жааган жамгырдын кесепетинен сел жүргөн.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, селден жабыркагандар жок жана жол кыймылы үзгүлтүккө учураган эмес.

"№23 Жол тейлөө ишканасы тарабынан бир автожүктөгүч тартылып, жолго түшкөн сел калдыктары тазаланды",-деп айтылат маалыматта.