Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Токтогул шаарында балдар реабилитациялык борбору жана оорукананын 100 орундуу кошумча имараты курулууда.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, аталган объектилердин ишке берилиши менен шаар тургундары үчүн медициналык жана реабилитациялык кызматтардын жеткиликтүүлүгү жогорулайт.
Ошондой эле Токтогул шаарынын Таласбай кичи районунда 750 орундуу жаңы мектептин курулуш иштери жүрүп, учурда анын 75 пайызы аткарылды. Заманбап билим берүү мекемесинин пайдаланууга берилиши менен окуучулар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп, билим берүү инфраструктурасы кеңейтилет.
Мындан тышкары, Чоң-Арык айылында 140 орундуу жаңы бала бакчанын курулуш иштери уланууда.