Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз салынган 300 метр тор табылды

Аймак 193 17 Август 2026 11:20
WhatsApp Image 2026-08-17 at 08.11.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-17 at 08.12.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-17 at 08.11.41 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-08-17 at 08.11.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-17 at 08.12.21.jpeg
WhatsApp Image 2026-08-17 at 08.11.41 (1).jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы кезектеги рейд жүргүзүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, иш-чараны Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору өткөрүштү.

Рейд учурунда белгисиз адамдар тарабынан коюлган жалпы узундугу 300 метр болгон синтетикалык балык уулоочу тор табылып, суу сактагычтан чыгарылды.

Мыйзамсыз тор балык ресурстарына зыян келтирүү коркунучун жараткандыктан, тиешелүү тартипте каттоого алынды.