Бишкек, 05.10.26 /Кабар/. 4-октябрда Токтогул суу сактагычынан тазалоо иштеринин жүрүшүндө 9 балык уулоочу тор жана ар кандай таштанды салынган 2 кап чыгарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тазалоо иштерин Суучулдар кызматынын суучулдары жүргүздү.
Жалпы 9 тордун узундугу болжол менен 900 метрди түзгөн. Ошондой эле суу сактагычтан ар кандай таштандылар чогултулуп чыгарылды.