Токтогул шаарында акын Элмирбек Иманалиевдин айкели орнотулду

Аймак Жүктөлүүдө... 22 Апрель 2025 09:32
491803488_1392554255421202_878814955523301991_n.jpg
492094440_1392554175421210_4552374696519824013_n.jpg
491846017_1392554068754554_952987615497075650_n.jpg
492094015_1392554018754559_5697644026386500062_n.jpg
491798386_1392553875421240_5110925466053209272_n.jpg
491840477_1392553822087912_5809441252378493179_n.jpg
492043280_1392554382087856_8776856803716932692_n.jpg
491417942_1392554225421205_8189820391496593115_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы

Бишкек, 22.04.25. /Кабар/. Токтогул шаарынын борбордук аянтында көп кырдуу талант ээси — ак таңдай акын, обончу, дастанчы Элмирбек Иманалиевдин айкели орнотулду.

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришкендей, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары К.Сулайманов, М. Самыйкожо уулу, Токтогул районунун акими А. Тюкебаев баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чыгармачыл инсандар жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Элмирбек Иманалиевдин өмүр таржымалы, чыгармачылык жолу, көрөңгөлүү сөздөн кеп салган асыл ой жүгүртүүсү, башкалардан өзгөчө уккулуктуу мукам обону, эл аралык айтыштарда ар дайым курч сөздөрү менен далилденген кыргыз элине болгон сүйүүсү жана сый-урматы, кыргыз дегенде алоолонуп от алган мекенчилдиги менен кылымда бир жаралуучу талант экендиги эскерилип, акындын өзү өлсө да анын чыгармалары дагы кылымдар бою өлбөй жашай берери айтылды.