Бишкекте залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айкели ачылат

Коом 7 октябрь 2026 17:40
Бишкекте залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айкели ачылат

Бишкек, 07.10.26. /Кабар/. 13-октябрда Бишкек шаарындагы Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда Кыргыз эл артисти, залкар манасчы Уркаш Мамбеталиевдин айкелинин ачылыш аземи өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада манасчынын кыргыз маданиятына, анын ичинде “Манас” эпосун даңазалоого кошкон салымы белгиленип, чыгармачылык мурасы эскерилет.

Ачылыш аземине маданият жана искусство өкүлдөрү, манасчылар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана коомчулук катышат.

Иш-чара саат 11:00дө башталат.