Токой чарбасын жана экология маселесин тейлеген агенттик түзүү сунушталды

Жогорку Кеңеш 9694 18 Июнь 2025 15:40
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
Алдыга
Артка
image1.jpg
image2.jpg
image3.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 18.06.25. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу токой чарбасын жана экология маселесин тейлеген өзүнчө агенттик түзүү сунушун көтөрдү.

“Азыркы тапта токой чарбасы Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кошулуп калган. Алар өрт өчүрөбү, көчкү тазалайбы же токойду карайбы? Кантип баарына жетишет. Андыктан, токой чарбасы менен экология маселесин бирге тейлеген өзүнчө агенттик түзүлбөсө болбойт”, – деди төрага.

Ошондой эле текшерүүчү инспекцияларды бириктирүү аракетин да колдой тургандыгын кошумчалаган Нурланбек Тургунбек уулу өзү уруксат берип, кайра өзү текшерген кызматтарды жоюп, текшерүүчү органдардын санын азайтуу менен өзүнчө бөлүү зарыл экенине токтолду.