Токмокто унаа куроочу завод жана индустриалдык парк курулат

Министрлер кабинети Загрузка... 03 Март 2026 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 03.03.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Central Asia Capital” инвестициялык фондунун өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасына бир катар инвестициялык долбоорлор тууралуу презентация сунушталды. Инвестициялык фонддун өкүлдөрү Токмок шаарында жылына 25 миңге чейин унаа куроочу заводду жана индустриалдык паркты куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Мындан тышкары, Бишкекке жакын аймакта индустриалдык парк түзүү демилгелери, электр кубаттоо инфраструктурасынын тармагын түзүү, Майлуу-Суу лампа заводун модернизациялоо боюнча долбоорлор сунушталды. 

Ошондой эле бир катар долбоорлор боюнча мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.

Кыргыз тарап инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө умтуларын билдирди.