Тогуз-Торо районунда 1 мектеп жана 3 бала бакчанын курулушу жүрүүдө

Аймак 04 Август 2026 10:50
763740407_1367350808106256_2237262390181579802_n.jpg
762466108_2087797411946504_4452046338607097252_n.jpg
762585209_1031916409820187_3879989686304295232_n.jpg
763255309_1786514732569711_4281787163241677460_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Тогуз-Торо районунун администрациясы

Бишкек, 04.08.26. /Кабар/. Тогуз-Торо районунда билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган 5 социалдык объекттин курулушу уланууда.

Райондук администрациянын маалыматына ылайык, Казарман айылындагы А. Абдраимов атындагы мектептин спорт залы жана Карл-Маркс айылындагы №11 Саймалуу-Таш орто мектебинин курулуш иштери жүрүп жатат.

Мындан тышкары, Атай айылындагы 100 орундуу "Жеткинчек", Арал айылындагы 50 орундуу "Айзирек" жана Дөдөмөл айылындагы 70 орундуу "Наристе" бала бакчалары курулууда.

Аталган долбоорлор ишке ашса, райондогу балдар жана окуучулар үчүн заманбап билим берүү шарттары кеңеет.