Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу селден тазаланып, каттам ачылды

Коом Загрузка... 05 Июль 2026 09:40
ллл.webp
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 05.07.26. /Кабар/. Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 244–245-чакырым аралыгында тазалоо иштери толук аяктап, унаалар үчүн каттам кайрадан ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын техникалардын жардамы менен жол тазаланды. Учурда аталган тилкеде унаалардын жүрүүсүнө чектөө жок.

Белгилей кетсек, күн мурун, 4-июлда Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун айрым тилкелерине сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Жеринде министрликтин Жол эксплуатациялоо мекемеси тарабынан атайын техникалар ыкчам тартылып, жолду селден тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлдү.

Министрлик айдоочуларга жол эрежелерин так сактап, өзгөчө тоолуу аймактарда этият болууга чакырат.