Түндүк – Түштүк унаа жолу: "Көк-Арт" төлөм пункту ишке кирди

Аймак Загрузка... 09 Июль 2026 09:30
copyright icon Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 09.07.26. /Кабар/. Түндүк – Түштүк альтернативдүү унаа жолунда "Көк-Арт" төлөм алуу пункту ишке кирди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, пункт жолдун 318-чакырымында жайгашкан.

"Төлөм накталай эмес тартипте гана жүргүзүлөт. Айдоочулар төлөмдү QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу жүргүзө алышат", - деп айтылат маалыматта.