Бишкек, 22.12.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 89–159-чакырымдар аралыгында жолду тейлөө иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган тилкеде China Railway компаниясы тарабынан пландуу иштер аткарылууда.
Ушул эле жолдун Эпкин–Башкууганды долбоордук тилкесинде 5 атайын техника, эки бригада тартылып, жолду тазалоо жана кум чачуу иштери жүрүп жатат.
Ал эми Кызарт ашуусунда инерттик материалдар себилип, жолдун абалы күнү-түнү көзөмөлгө алынган. Учурда тыгын жок. Каттам бар.
Тыгындардын алдын алуу максатында 21-декабрдан тарта Кызарт ашуусунда кезмет уюштурулуп, атайын вагон коюлду. Алардын иши кыш аяктаганга чейин созулат.