Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу кар көчкүдөн тазаланды. Жол ачык

Коом 8 март 2026 11:07
Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолу кар көчкүдөн тазаланды. Жол ачык
copyright icon Кыргызавтожол-Түндүк мамлекеттик ишканасы

Бишкек, 08.03.26. /Кабар/. Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 198-200-чакырымында түшкөн кар көчкү толугу менен тазаланды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолдо каттам толук ачылып, унаалардын кыймылы калыбына келтирилди.

Жолчулар айдоочуларга сапарга чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгын эскертет.