Бишкек 11.06.25 /Кабар/. Түндүк Ирландиянын Баллимена шаарында мигранттарга каршы өткөн башаламандыктар учурунда 15 полиция кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу Daily Telegraph басылмасы билдиргенин Коммерсант.ру жазды.
Тартип сакчыларына каршы чыккандарга карата резина ок колдонулган.
Клонавон-Террис аттуу микрорайондо өткөн пикет учурунда нааразычылык акциясынын катышуучулары полиция кызматкерлерине бир нече саат бою күйүүчү аралашма куюлган бөтөлкөлөрдү, таштарды, фейерверктерди жана кыштарды ыргытышкан.
Басылманын маалыматына ылайык, төрт үй өрттөлүп, өрт өчүрүүчүлөр үч адамды куткарып калышкан. Буга чейин акцияга 3 миңдей киши катышканы кабарланган.
Жакынкы күндөрү Клонавон-Терристеги коопсуздук чаралары күчөтүлөрү айтылат. Бийлик Англия жана Уэлстеги кесиптештеринен жардам суроо мүмкүнчүлүгүн караштырууда.
Башаламандыктар 14 жаштагы эки бала өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган деп айыпталгандан кийин башталган. Сот учурунда айыпты румын тилинен котормочу аркылуу угузушкан. Экөө тең өздөрүнө коюлган айыптарды четке кагууда деп айтылат маалыматта.