Бишкек, 13.05.26. /Кабар/. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Түндүк айланма жолунунун курулуш иштеринин жүрүшүн чагылдырган видео менен бөлүштү. Анда иш ыргагы менен таанышып, жолдун мурдагы жана азыркы көрүнүшүн көрүүгө болот.
Ведомствонун маалыматы боюнча, Түндүк айланма жолунун жалпы узундугу – 33,4 чакырымды түзөт. Учурда Алматы – Бишкек – Ташкент жолунун 24,3 чакырымы жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымы толук жаңыланууда.
Долбоордун алкагында 13 транспорттук түйүн каралган. Анын 11и жаңы курулуп, экөөсү капиталдык ремонттон өткөрүлөт. Ошондой эле иштеп жаткан көпүрөлөр кеңейтилүүдө.
Жол 6 тилкеге чейин, ал эми транспорттук түйүндөрдө 2+2 тилкеге чейин кеңейтилет. Ар бир тилкенин туурасы эл аралык стандартка ылайык 3,75 метрден болот.
План боюнча бул тилкелерде жол чырактары болбойт, ал унаалардын токтоосуз кыймылын камсыздайт.
Жөө адамдарга жер үстүнөн өтмөктөр, 2,25 метрлик тротуарлар жана жолдун бардык тилкелеринде заманбап жарыктандыруу каралат.
Министрлик аталган долбоор борбор калаанын айланасындагы тыгындарды азайтууга багытталганын белгилейт.