ТМУга мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстанга $220 млн инвестиция келген – Касымалиев

Түрк мамлекеттер уюму Загрузка... 02 Апрель 2026 15:45
69ce2c53874ee.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 02.04.26. /Кабар/. Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдөн Кыргызстанга 220 млн АКШ долларын түзгөн инвестиция келген. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Азербайжандын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президенттеринин экинчи жыйынында билдирди.

Минкаб жетекчисинин айтымында, уюмга мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 3,3 млрд АКШ долларына жетти.

“2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга түз чет өлкөлүк инвестициялардын агымы 950 млн АКШ долларын түзгөн. Анын ичинде уюмга мүчө мамлекеттерден 220 млн АКШ доллары келген”, - деди Адылбек Касымалиев.