Тиранадагы рейтингдик турнир: Кыргызстандын капчыгында 9 медаль

Спорт Загрузка... 02 Март 2026 14:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Албаниянын Тирана шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Muhamet Malo-2026 атындагы II рейтингдик турнири өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктен билдиришти.

Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан жалпы 28 балбан катышып, эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча күч сынашты.

Мелдештин жыйынтыгында балбандар жалпы 9 медаль жеңип алды.

Эркин күрөш боюнча:

  • Эрназар Акматалиев (70 кг чейин) - алтын медаль;
  • Орозобек Токтомамбетов (74 кг чейин) - күмүш медаль;
  • Залкарбек Табалдиев (70 кг чейин) - коло медаль.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча катышкан төрт балбандын бардыгы медаль тагынышты:

  • Айпери Медет кызы (76 кг чейин) -алтын медаль;
  • Нурзат Нуртаева (72 кг чейин) – күмүш медаль;
  • Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин) - күмүш медаль;
  • Гүлнур Таштанбекова (65 кг чейин) - коло медаль.

Грек-рим күрөшү боюнча:

  • Раззак Бейшекеев (72 кг чейин) - коло медаль;
  • Үзүр Жусупбеков (97 кг чейин) - коло медаль.

Белгилей кетсек, турнир 25-февралдан 1-мартка чейин өттү.