Тирана-2026: Айпери Медет кызы алтын медаль утту

Спорт Загрузка... 01 Март 2026 01:00
IMG_1306.jpeg

Бишкек, 01.03.26 /Кабар/. Айпери Медет кызы Албаниянын борбору Тирана шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча «Muhamet Malo – 2026» эл аралык рейтингдик турниринде 76 кг чейинки салмак ченинде мелдештин жеңүүчүсү болду.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, ал турнирдин алгачкы баскычтарынан баштап эле атаандаштарына мүмкүнчүлүк берген жок:

  • 1/8 финал: Гулмарал Еркебаеваны (Казакстан) — 12:2 (мөөнөтүнөн мурда);
  • Чейрек финал: Ванеса Георгиеваны (Болгария) — 10:0;
  • Жарым финал: Элмира Ясинди (Түркия) — 14:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Чечүүчү кармашта Айпери дүйнөнүн учурдагы чемпиону, эквадорлук Генесис Реаско Валдез менен кез келди.

Эске салсак, бул балбандар 2025-жылкы дүйнө чемпионатынын финалында кез келип, анда жеңиш эквадорлук спортчуга оогон эле. Бул ирет Айпери Медет кызы атаандашын 5:4 эсебинде утуп, реванш алуу менен бирге рейтингдик турнирдин алтын медалын тагынды.