Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде экономикалык дипломатияны өнүктүрүү боюнча практикалык документтин бет ачары болду.
Ведомстводон билдиришкендей, документ ТИМдин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө, консулдук мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү соода өкүлчүлүктөрүнө иш-сапарга жиберилген кызматкерлери тарабынан колдонууга арналган.
Документтин негизги максаты – Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү экономикалык багыттагы кызыкчылыктарын илгерилетүү маселелери боюнча дипломаттардын алдында турган милдеттерди практикалык толуктоо, ошондой эле максаттарга сереп салуу болуп саналат.