Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика жана коомчулук менен байланыш кафедрасынын профессорунун милдетин аткаруучу Тилектеш Ишемкулов “Манас” орденинин III даражасы менен сыйланды. Ал мамлекеттик сыйлыкты алуудагы толкундануусун айтып, акыркы жылдары Кыргызстанда болуп жаткан өзгөрүүлөргө да токтолду.
“Манас” ордени — мамлекеттик сыйлыктын эң эле жогорку, бийик, чоң ордону болуп эсептелген III даражасы менен сыйланып жатам. Мен бул сыйлыкка абдан кубануудамын. Туугандарымдын, балдарымдын баары сүйүнүп, телефонум тынбай жатат”, — деди ал.
Ал ошондой эле, акыркы жылдары өлкөдө олуттуу өзгөрүүлөр болуп жатканын белгиледи.
“Өзгөрүүлөр өтө күчтүү. Эки эле мисал айтайын. Биздин айылдарыбыз шаарга айланып бара жатат. Айылдарда, райондун борборлорунда, шаарларда европалык деңгээлдеги жолдор курулду. Мектептерди, бала бакчаларды айтпай эле коёюн. Кыргызстан эл аралык деңгээлдеги ири иш-чараларды өткөргөн борборго айланды. Жакында ШКУнун саммити өттү, андан кийин Көчмөндөрдүн VI оюндары болду. Мунун баары өлкөбүздү дүйнөгө таанытууга чоң салым кошту.
Сөздүн чынын айтканда, элибиздин ынтымагы жана эмгекчилдиги менен алдыга жылып жатканыбыз көрүнүп турат. Ар бир кыргыз “кыргыз” дегенде өзүнчө патриот болуп калды. Муну эл аралык деңгээлдеги форумдар, саммиттер жана Көчмөндөр оюндары дагы күчөттү.
Ошол жолдон тайбай жүрүп отурсак, дүйнөдөгү эң байыркы, бирок түбөлүк жаш кыргыз эли өсө берет, канат байлап, көккө уча берет. Мен буга тилектешмин жана өлкөбүздүн келечегине ишенем”, — деди Тилектеш Ишемкулов.