Tesla Starlink антеннасы орнотулган биринчи роботаксини көрсөттү

Дүйнө 12 август 2026 09:00
Tesla Starlink антеннасы орнотулган биринчи роботаксини көрсөттү

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Tesla компаниясы спутниктик Starlink байланышы үчүн орнотулган антеннасы бар биринчи айдоочусуз электр унаасы — Cybercab роботаксини көрсөттү. Бул тууралуу Electrek басылмасы жазды.

Компания жарыялаган сүрөттөрдө антенна унаанын чатырынын арткы бөлүгүндө жайгашканы көрүнөт. Starlink системасы Teslaнын автономдуу айдоо технологиясынын иштеши үчүн зарыл эмес. Аны негизинен жер үстүндөгү байланыш начар болгон алыскы аймактарда колдонуу мүмкүнчүлүгү каралууда.

Cybercab эки орундуу болуп, рулу жана педалдары жок иштелип чыккан. Tesla буга чейин АКШнын Техас штатындагы Остин шаарында Model Y үлгүсүндөгү автономдуу таксилерди сынап жатат.