Бишкек 09.06.25 /Кабар/. 8-июнда АКШнын Теннесси штатында болжол менен 16 жүргүнчүсү бар жүргүнчү учагы кулаган. Бул тууралуу Известия.ру агенттиги жазды.
Жол-патруль кызматынын басма сөз кызматы X социалдык тармагына, “Теннессинин Олд-Шелбивилль жолунда болгон учак кырсыгынан жабыркагандарга жардам көрсөтүлүүдө», — деп жазган.
Маалыматка ылайык, бир нече адам аба аркылуу эвакуацияланып, ооруканага жеткирилгени айтылат.