Бишкек, 14.09.26 /Кабар/. Маданиятка көңүл бурулган жерде өлкө өсөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине актёр Темирлан Сманбеков мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде айтты. Сманбековго аталган салтанаттуу жыйын учурунда "Кыргыз Республикасынын Эл артисти" сыйлыгы ыйгарылды.
Анын айтымында, сыйлык тууралуу кабар ага Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына даярдык көрүп жаткан учурда айтылган.
"Биз Таласта 35 жылдыкка даярданып, эртең мененки тамакта отурганбыз. Ошол учурда президенттин администрациясынан куттуктап, чалып калышты. Ал кезде өзүбүз деле майрамдык маанайда жүргөнбүз. Ошого шаңга шаң кошулгандай болду. Майрамга майрам, жакшылыкка жакшылык улангандай сезимде калдым.
Албетте, президентибиз Садыр Нургожоевичке миң мертебе рахмат. Эмгегибизди баалап, тиешелүү жарлыкка кол коюп, ушундай сыйлык берип жатканы биз үчүн чоң сыймык.
Акыркы жылдардагы чоң курулуштар, жаңы жолдор, Көчмөндөр оюндары, Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгы — мунун баары элибизге ак жолтой болсун. Өлкөбүздө шаң, жакшылык, жаркыраган жашоо жана күлкү ар дайым улана берсин. Ала-Тообуз дайыма шаңга бөлөнүп турсун", - деди Темирлан Сманбеков.
Ал ошондой эле мамлекет тарабынан маданият тармагына көңүл бурулуп жатканын белгиледи.
"Азыркы учурда маданиятка абдан жакшы көңүл бурулуп жатат. Мурда болуп көрбөгөндөй театрлар, маданий жайлар жаңыланып, республикалык деңгээлден тартып айылдардагы маданият үйлөрүнө чейин көңүл бурулууда. Мунун өзү чоң жетишкендик.
Маданиятка көңүл бурулган жерде өлкө өсөт, адамдар өсөт, тарбия жана маданияттуулук жогорулайт. Бүгүнкү күндө маданиятыбызга абдан жакшы көңүл бурулуп жатат. Ушул иштердин баары кут болсун. Жаштарыбыз ыймандуу, маданияттуу болуп, элибиз дүйнөлүк деңгээлдеги өлкөлөрдүн катарынан орун алышын тилейбиз", - деди ал.