Telegram’да крипто шылуундардын жаңы схемалары аныкталды

Дүйнө Загрузка... 09 Июль 2025 09:44
WhatsApp Image 2025-07-09 at 09.51.14.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек 09.07.25 /Кабар/. BI.ZONE компаниясынын адистери Telegram мессенджеринде кеңири тараган эки жаңы алдамчылык ыкмасын аныкташты. Бул тууралуу РБК агенттиги жазды.

Алардын маалыматына караганда, 2025-жылдын экинчи чейрегинде Telegram колдонуучуларын алдоого багытталган фейк сайттардын саны 12,5 миңге жетип, мурунку үч айга караганда дээрлик эки эсе көбөйгөн.

Биринчи ыкмада шектүүлөр Telegram же анын расмий платформасы Fragment’тин бетин туурап, колдонуучудан код сурашат. Эгер адам кодду киргизсе, аккаунту толугу менен алдамчылардын колуна өтүп, алар анын криптокапчыгына, сырсөздөрүнө жана башка жеке маалыматтарына кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Экинчи учурда, алдамчы Telegram’дагы сейрек кездешүүчү санарип белекти кымбат баада сатып алам деп сунуш кылат. Бирок акча ордуна жасалма токен жиберет. Алар сыртынан жасалма экени билинбейт.

BI.ZONE өкүлдөрү интернет колдонуучуларга шектүү шилтемелерге кирбөөгө, “тез арада акча тап” деген сыяктуу сунуштарга ишенбөөгө чакырышат.

Маалымат үчүн: BI.ZONE — киберкоопсуздук жаатында иш алып барган эл аралык компания. Ал уюмдарга санариптик коркунучтардан коргонууга жардам берет, ИТ-инфраструктураны коргоо боюнча чечимдерди иштеп чыгат. 2016-жылдан бери компания 1600дөн ашык долбоорду ишке ашырып, 800дөн ашык кардарды коргогон.