Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү – бул жалпы коомчулуктун, укук коргоо органдарынын жана технология адистеринин биргелешкен аракеттерин талап кылган маселе. Кылмыштын бул түрү бүгүнкү күндө дүйнө жүзүнө тарап, алардын арасында биздин өлкө да жок эмес. Кибер кылмыштуулук, ага каршы күрөшүү иштери тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кибер кылмыштуулук бөлүмүнүн кызматкери Святослав Каравай айтып берет.
— Кибер кылмыштуулук деген эмне? Кыргызстанда анын кандай түрлөрү бар?
— Бул негизи онлайн түрүндө жасалган, транс улуттук мүнөздөгү кылмыштуулук. Анын катарына интернет шылуундугу, маалыматтарды уурдоо, кибер чабуулдар, шантаж жана башкалар кирет. Башкача айтканда, ал интернет жана башка электрондук байланыш системалары аркылуу жүргүзүлөт.
Бизде телефон шылуундугу көп кездешет. Мисалы, шылуундар сиз менен банк кызматкери болуп сүйлөшүп, картаңыздан бирөө-жарым акча алганы жатканын айтып, каражатыңызды башка эсепке которууну сунушташы мүмкүн. Насыя алууга үндөп же чет өлкөлүк кайсы бир компанияга инвестор болуп акчаңды көбөйт деши мүмкүн. Андан сырткары, кээде күч түзүмдөрүнүн, укук коргоо органдарынын кызматкеримин деп же мамлекет башчыларынын атынан бир нерсе утуп алдың деп алдашы мүмкүн. Эрежеге ылайык, биздин жарандарды алдаган кылмышкерлердин көбү чет өлкөдөн чалышат. Ал эми Кыргызстанда аларга жардам берип жүргөндөр, ал тургай ушундай кылмыш ишине аралашып жаткандыгын өзү түшүнбөгөн адамдар кездешет. Шылуундар башка бир өлкөдө туруп алып акча сунуштоо менен биздин жарандарга банк картасын ачтырышат. Арасында укук коргоо органдарынын чаташтыруу үчүн акча каражатын картадан картага которгондору бар. Мурун шылуундук менен алынган акча каражаттары чет өлкөгө акчалай түрүндө которулуп турса азыр дароо криптовалютага айландырып жиберген учурлар арбын болууда.
— Сиздердин бөлүм кибер кылмыштуулук менен кандай күрөшүп жатат? Алдын алуу чаралары көрүлүп жатабы?
— Биздин биринчи милдетибиз – калкты алдын ала тийиштүү маалыматтар менен камсыздоо, маалымдуулугун жогорулатуу. ИИМге караштуу КИББнин Кибер кылмыштуулук бөлүмү мындан эки жыл мурун түзүлгөн жана жогоруда аталган кылмыштуулукка каршы күрөшүү максатында окууларды өткөрүп, квалификацияны жогорулатып, тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүп келет. Себеби, бул иш ар дайым окуп-үйрөнүүнү талап кылат. Анын ичинде жакынкы чет өлкөлөрдөгү, КМШдагы кесиптештерибиз менен бирге кибер кылмыштардын бетин ачуу, аларга каршы күрөшүү боюнча жаңы ыкмаларды үйрөнүүдөбүз. Биргелешип бетин ачкан кылмыш иштери да бар. Ошондой эле кибер шылуундук көбөйүп жаткандыгы үчүн облустарга дагы бөлүмдөрдү ачуу зарылдыгы бар.
Улам жаңы технологиялар чыккан сайын шылуундуктун түрү дагы өсүп жаткандыктан, биз анын агымынан калбаганга аракет кылып жатабыз.
— Жарандарга мындай чалуулар келсе эмне кылышы керек? Аларды кантип ажыратып билүүгө болот?
— Мындай күтүүсүз маалыматты уккан адам өзүн жоготуп, шок абалына келип, шылуундардын айткандарын аткарып башташы мүмкүн. Бул учурда эч шашылбастан, толкунданбай, терең ойлонуу менен биринчи кезекте, керектүү жана тийиштүү жерлерге чалып маалыматтын тактыгын текшерүү зарыл:
- Улуттук банк;
- тийиштүү коммерциялык банктар;
- күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күзөт кызматтары;
- колл-борборлор ж.б.
- Укук коргоо органдарынын кызматкери эч качан сизге чалып алып кайсы бир аракеттерди жасоону сунуштабайт. Ал зарыл учурда сизге чалып кайсы бир күнү, кайсы бир саатта, кайсы бир мекемеге келип берүүңүздү өтүнөт. Экөөнүн айырмасын мына ушунда.
— Акча каражатын алдатып жиберген учурда эмне кылыш керек жана аны кайра кайтарып алуу мүмкүнбү?
— Мындай учурда биринчи кезекте банк кызматкерине чалыш керек. Ал акчаны убактылуу тоңдуруп тура алышы мүмкүн. Жергиликтүү укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуу зарыл. Шылуундар дээрлик чет өлкөдө болгондуктан, акчаны кайтаруу иши татаал жана убакытты талап кылат. Биржаларга кайрылып дароо акчаны кайтар дей албайбыз. Бул иш процессуалдык тартиптин негизинде жүргүзүлөт. Соттун токтомун бекитип, тийиштүү өлкөнүн юристтерине жиберебиз. Андыктан, акчаны кайра кайтаруу иши көпкө созулушу мүмкүн. Биргелешкен аракеттер менен былтыр укук коргоо органдары уурдалган акча каражатынын жарымын кайтара алышкан.