Техаста суу ташкында көз жумгандардын саны 100дөн ашты

Дүйнө Загрузка... 08 Июль 2025 09:00
255f36e3-7dfd-4afd-81d6-3e838e67122e.jpeg

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. АКШнын Техас штатындагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 104кө жеткенин NBC News телеканалы өкмөттүн маалыматына таянып билдиргенин РИА Новости кабарлайт.

Маалыматка караганда, алты округда кеминде 104 адам каза тапты. Керр округунда 84 адам каза болгону айтылды, анын 28и балдар.

Күн мурун Ак үйдүн басма сөз катчысы Каролин Левитт журналисттерге табигый кырсыктан 91 адам каза болгонун билдирген.

АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматы Техас штатындагы Керр округунун бир нече шаарларында селден улам өзгөчө кырдаал жарыялады.

CNN телеканалынын маалыматы боюнча, аймактагы жарым миллиондон ашык адам суу каптоо коркунучунда турат.

Техас штатынын губернатору Грег Эбботтун айтымында, штаттын бийлиги кыйратуучу суу ташкынга каршы күрөшүү үчүн бардык ресурстарды, анын ичинде Улуттук гвардияны жөнөтүүдө.