Тегеранда “Иран Экспо-2025” көргөзмөсү өтүп жатат

Дүйнө Загрузка... 28 Апрель 2025 21:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Ирандын борбору Тегеран шаарындагы Эл аралык көргөзмө борборунда “Иран Экспо-2025” көргөзмөсү башталды.

Бүгүн, 28-апрелде башталган көргөзмө 2-майга чейин созулмакчы. Иш-чара Ирандын экспорттук потенциалын көрсөтүүгө жана эл аралык соода байланыштарын бекемдөөгө багытталган. Анда Ирандын 800дөн ашуун компаниясы өз продукциясын көрсөтүүдө.

Көргөзмөгө Россия, Кытай, Түркия, КМШ, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Африка сыяктуу 100дөн ашуун өлкөнүн өкүлдөрү катышууда. Анын ичинде курамына Соода өнөр жайы палатасынын, ЖМК өкүлдөрүн, ишкерлерди камтыган Кыргызстандын делегациясы да бар.

“Иран Экспо-2025” алты тармакты камтыйт:

  • Тамак-аш өнөр жайы: айыл чарбасы жана балык чарбасы: сүт азыктары, кургатылган жемиштер, жаңгактар, татымалдар, чай, бал, ширелер, деңиз азыктары жана айыл чарба техникалары.
  • Өнөр жайы: унаалар, унаа тетиктери, тиричилик техникасы, электроника, телекоммуникация жана программалык камсыздоо.
  • Нефтехимия жана полимерлер: пластмасса, химиялык продуктулар, каустикалык сода, полиэтилен.
  • Медицина жана фармацевтика: дары-дармектер, медициналык жабдуулар, стоматологиялык буюмдар, лабораториялык жабдуулар.
  • Курулуш жана инженердик кызматтар: курулуш материалдары, жабдуулар.
  • Туризм жана кол өнөрчүлүк: колго жасалган килемдер, зер буюмдар, туристтик кызматтар.

Белгилей кетсек, “Иран Экспо-2025” ишкерлик байланыштарды, келишимдерди түзүү жана инвестиция тартуу үчүн негизги аянтча болмокчу. Иш-чара эл аралык кызматташтыкты чыңдоого жана ирандык продукцияны дүйнөлүк рынокко чыгарууга салым кошот. Африка жана Азия өлкөлөрүнө экспортту көбөйтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.