Ушул күндөрү Ирандын борбору Тегеран шаарында “Иран Экспо-2025” көргөзмөсү өтүп жатат. “Кабар” агенттиги Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Мамасадык Бакиров менен көргөзмө, Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода алакасы тууралуу кеп курду.

— Мамасадык Сабирович, Тегеран шаарында өтүп жаткан көргөзмө тууралуу айта кетсеңиз.
— Тегеранда өтүп жаткан “Иран Экспо-2025” көргөзмөсү масштабдуу иш-чара. Анткени, Иранда чыгарылган продукциялар абдан көп, мына ушул компаниялардын бардыгы аталган көргөзмөгө катышып, өздөрүнүн товарларын сунуштап жатат. Кыргызстандан иш-чарага Соода-өнөр жайы палатасынын, 20дан ашуун компаниянын өкүлдөрүн камтыган жоон топ келген, учурда Ирандын товарлары менен таанышууда.
— Көргөзмөнүн алкагында Соода-өнөр жай палатасы тарабынан жасалып жаткан кадамдарга токтоло кетсеңиз.
— Биз көргөзмөнүн алкагында Ирандын Соода-өнөр жай палатасынын өлкөнүн аймактарындагы өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдүк. Алар Кыргызстан менен соода-сатыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендиктерин айтып, ирандык ишкерлердин биздин өлкө менен байланыш түзүп берүү өтүнүчүн дагы жеткиришти. Иранда өндүрүлгөн товарлардын көпчүлүгү Кыргызстандын рыногунда суроо-талапты жаратчу товарлар. Бир мисалды айта кетсем, эгерде Ирандан цемент импорттосок, жеткирүү, бажылык алымдарды кошкондо Кыргызстанда сатылып жаткан цементтен бир кыйла арзан түшөт. Бирок ошол эле учурда өлкөдөгү ички өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында сырттан цемент ташып келүүгө 6 айга чектөө киргизилген. Мындан тышкары, Иранда нефтепродуктулар абдан арзан баада экен. Ошондой эле курулуш товарларын, эл керектөөчү товарларды өндүрүү жолго коюлгандыгына күбө болдук. Буга байланыштуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы кыргыз-иран ишкерлеринин ортосундагы соода-сатыкты өнүктүрүүгө болгон аракетин жасайт. Сапарыбыздын алкагында Ирандын Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Анын жыйынтыгында Кыргыз-иран соода палатасын түзүү пландалууда.
— Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү учурда кандай абалда?
— Пандемиядан соң Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү кескин төмөндөп кеткен. Учурда Ирандан курулуш тармагына керектелчү товарлар, айыл чарба товарлары, жер-жемиштер импорттолот. Ал эми Иран тарап бизден буурчак, эт алат. Бирок, аз көлөмдө. Иран менен ЕАЭБдин ортосунда эркин соода жүгүртүү шарттары түзүлүп, бажы алымдары азайтылса, соода жүгүртүүнүн көлөмү көбөйөт деген ойдомун. Ал үчүн биз ишкерлерге бардык шарттарды түзүү менен жеңилдиктерди иштеп чыгышыбыз керек.
— Эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык кызматташтыктын потенциалы кандай?
— Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы экономикалык кызматтыштыктын потенциалы абдан жогору. Ал үчүн биз изденишибиз, иштешибиз керек. Кыргызстанда өндүрүлгөн товарларды Иранга экспорттоп, биздин рынокто жок, өндүрүлбөгөн товарларды алып баруу менен бирге, өндүрүшкө керектелчү сырьерлорду Ирандан алып, ошону өзүбүздөн өндүрүүгө аракет жасашыбыз керек. Мындан тышкары, Кыргызстанда Ирандын соода үйүн ачып, Иранда өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсүн өткөрүү менен соода-сатыкты көбөйтүүгө, кызматташтыкты арттырууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.