Бишкек 15.07.25 /Кабар/. Грузиянын Тбилиси шаарында беш кабаттуу турак үй урап, бир адам каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ИИМине таянып Коммерсант жазды.
Маалыматка ылайык, учурда кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштери жана тургундарды эвакуациялоо иштери жүрүүдө. Күбөлөрдүн айтымында, дагы бир нече адам урандылардын астында болушу мүмкүн.
Тбилисинин мэри Каха Каладзенин билдиргендей, бул үй мурда эле авариялык абалда деп табылып, жарактан чыккан имарат катары бааланган. Шаар бийлиги буга чейин үйдүн жашоочуларына жаңы батирлерге көчүп кетүүнү сунушташканы менен баарынын макулдугун алуу мүмкүнчүлүгү болбой калган.