Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Бүгүн кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында Кыргызстандан Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү аракетине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Чеш-Дөбө жергесинде мамлекеттик чек арадан болжол менен бир чакырым аралыкта белгисиз 5 адам малды мыйзамсыз айдап өтүп жатканы аныкталган.
Ыкчам чаралардын жыйынтыгында чек арачылар тарабынан аткезчилик жол менен өткөрүү аракет кылынган 67 баш ири мүйүздүү мал кармалды.
Мал мындан аркы процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүшү үчүн белгиленген тартипте чек ара тарамына алып келинди.