Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго комуз белекке берилди

Коом 971 13 Март 2025 09:39
484164990_9289636347771190_80.max-1920x1080.format-webp.webp
483480319_9451899821523276_35.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
484164990_9289636347771190_80.max-1920x1080.format-webp.webp
483480319_9451899821523276_35.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. "Ала-Арча" жаратылыш паркында этномаданий программа менен таанышуу учурунда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго эстеликке белек тартууланды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Иш-чаранын алкагында комуз чапкан чебер уста Тажикстандын лидерине эки элдин биримдигинин жана достугунун белгиси катары улуттук музыкалык аспапты белекке берди.