Тажикстандын президенти Кыргызстанга келди — Кабар

Тажикстандын президенти Кыргызстанга келди

Саясат 31 август 2026 14:40
6a953420054be.jpeg
6a95341593289 (1).jpeg
6a953440ac0c8.jpeg
6a9534398282e.jpeg
6a9534397e177.jpeg
6a9534312b3fd.jpeg
6a9534312057a.jpeg
6a9534288a07f.jpeg
6a9534288965a.jpeg
6a95341593289.jpeg
Алдыга
Артка
6a953420054be.jpeg
6a95341593289 (1).jpeg
6a953440ac0c8.jpeg
6a9534398282e.jpeg
6a9534397e177.jpeg
6a9534312b3fd.jpeg
6a9534312057a.jpeg
6a9534288a07f.jpeg
6a9534288965a.jpeg
6a95341593289.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 31.08.26. /Кабар/. Тажикстанстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга жумуш сапары менен келди. 

“Манас” эл аралык аэропортунан аны министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Эмомали Рахмон ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Тажикстандын президентине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2026-жылы ШКУга төрагалык кылууда. Бишкекте быйыл уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик саммити өтөт.