Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет

Саясат 6488 11 Март 2025 09:40
1579359261_0_0_2910_1637_1920x0_80_0_0_c7e64022f25e04a4fa5f03b21d0a29f4.jpg
Азымбакиев.jpg
Алдыга
Артка
1579359261_0_0_2910_1637_1920x0_80_0_0_c7e64022f25e04a4fa5f03b21d0a29f4.jpg
Азымбакиев.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon WWW

Бишкек, 11.03.25. /Кабар/. Тажикстандын президенти 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Азымбакиев.jpg

“Бул сапардын алкагында сапардын статусуна ылайык салтанаттуу иш-чаралар, ошондой эле Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Биргелешкен билдирүүсүн кабыл алуу, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда мамлекеттик чек ара жөнүндө Келишимге жана башка эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда”, - деп белгиледи Муратбек Азымбакиев.