Бишкектин мектептери тазалык үчүн жарышат: Жеңүүчүлөрдү чоң байге күтөт

Экология Загрузка... 24 Февраль 2026 16:00
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 24.02.26 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы мектептердин директорлору менен уюштурулган жыйынга катышты. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. 

Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залында өткөн жолугушууда 1-мартта баштала турган “Таза шаар” сынагы тууралуу маалымат берилип, бир айга созула турган өнөктүктү жеңген мектептерге чоң сыйлыктар каралганы айтылды.

Марлен Маматалиев долбоордун маанилүүлүгүнө токтолду.

“Соңку жылдары өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан экологияны коргоо, климаттын өзгөрүүсүн жөнгө салуу жана жашыл экономиканы өнүктүрүү жаатында олуттуу демилгелер көтөрүлүп, көптөгөн иш-чаралар уюштурулууда. Бул “Таза шаар” сынагы да ошол демилгелердин уландысы катары борбор калаабыздын экологиясын жакшыртууга көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар Марлен Маматалиев бул сынак калаабыздын гана тазалыгына салым кошпостон, келечек ээлерин мекенчилдикке, тазалыкка тарбиялап, экологиялык маселелерге астейдил көңүл бурууга чакырарын белгиледи

Алсак, желим калдыктарды чогултуу боюнча сынак 2026-жылдын 1-мартынан 1-апрелине чейин өткөрүлөт. Эң көп көлөмдө желим калдыктарды чогулткан мектеп сынактын жеңүүчүсү деп табылат.

Эскерте кетсек, аталган долбоор Жогорку Кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Кыргызстан Кызыл Жарым Ай коомунун көмөгү менен ишке ашырылганы турат. Өз кезегинде Марлен Маматалиев да резервдик фондунан каржылык жардам көрсөтөрүн билдирди.