Таза аба жана жашылдандыруу: Мэрия менен ЕРӨБ экологиялык долбоорлорго басым жасайт

Экология Загрузка... 30 Январь 2026 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 30.01.26. /Кабар/. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Мэриядан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарында ишке ашырылып жаткан биргелешкен долбоорлорду, анын ичинде жылуулук менен камсыздоо жана суу менен камсыздоо тармактарын, ошондой эле борбор калаанын "Жашыл шаарлар" программасына катышуусун талкуулашты.

Шаар башчысы банктын өкүлдөрүнө Бишкекте ишке ашырылып жаткан негизги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Алардын катарында эко-технологиялык заводду куруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле жашылдандыруу жана атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-чаралар бар. 2025-жылы шаарда 19 миң жашыл көчөт отургузулса, 2026-жылы болжол менен 50 миң көчөт отургузуу пландалууда.

Өз кезегинде Европалык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Башкы планына ылайык каралган долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары да кызматташууну улантууга даяр экендиктерин ырасташты.