Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Дүйнөдөгү туруксуздук күчөп жаткан шартта мамлекеттер ортосундагы кызматташтык ишенимге негизделиши керек. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары менен аналитикалык борборлордун өз ара кызматташуусу бул ишенимди бекемдөөдө маанилүү роль ойнойт. Бул тууралуу ШКУга мүчө өлкөлөрдүн ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форумунда “Кабар” агенттигине ШКУнун Ишкерлер кеңешинин катчылыгынын эксперти Татьяна Канте билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө дүйнөдө ишеним өзгөчө баалуулукка айланды. Өз ара ишеним жок болсо, ар кандай маалымат ар башкача чечмелениши мүмкүн.
“Дал ушул себептен бүгүнкү форум жана аналитикалык борборлор менен ЖМКлардын интеграциясы өзгөчө мааниге ээ. ШКУ аянтчасы өз ара ишеним жана ачыктык принциптерине негизделген. Бул ар бир мамлекетке көлөмүнө карабастан жалпы өнүгүүгө өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк берген жаңы кызматташтык моделин түзөт”, — деди Канте.
Эксперттин белгилешинче, аналитикалык борборлор менен жалпыга маалымдоо каражаттары тыгыз байланышта иш алып барышы зарыл.
“Аналитиканы мээге салыштырууга болот, ал эми ЖМКлар — анын көзү жана үнү. Эң башкысы, ошол үн коомго маалыматты туура жана так жеткириши керек. Мындай интеграция маданий, гуманитардык, экономикалык жана саясий деңгээлдерде ишке ашырылышы мүмкүн”, — деп белгиледи ал.
Татьяна Канте ошондой эле гуманитардык байланыштарды чыңдоо өлкөлөрдүн бири-бирин тереңирээк түшүнүшүнө жана узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.
“Кытайда жана башка өлкөлөрдө айтылгандай, адегенде дос болуу керек, андан кийин гана биргелешкен иштерди жүргүзүүгө болот”, — деп жыйынтыктады эксперт.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин ЖМК жана аналитикалык борборлорунун форуму биринчи жолу өтүүдө. Иш-чараны Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги менен Кытайдын Синьхуа маалымат агенттиги биргелешип уюштурууда.
Форумга 26 өлкөдөн 250гө жакын өкүл катышууда. Алардын арасында алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилери, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, аналитикалык борборлордун, илимий мекемелердин, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү бар.
Форумдун темасы — “Жаңы доордогу ШКУ: өз ара түшүнүшүүдөн практикалык кызматташтыкка карай” деп аталат.
Пленардык жыйындардын жана тематикалык сессиялардын алкагында катышуучулар эл аралык маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүү, медиа чөйрөнү санариптик трансформациялоо, гуманитардык өз ара аракеттенүү жана дүйнөлүк маалымат мейкиндигиндеги заманбап чакырыктарды талкуулашууда.