Бишкектин четиндеги таштанды таштоочу жай көп жылдардан бери борбордун эң курч экологиялык көйгөйлөрүнүн бири болуп келген. Күн сайын тиричилик, курулуш жана өндүрүш калдыктары кайра иштетилбестен таштанды төгүүчү жайга ташылып, чогула берген. Натыйжада таштанды таштоочу жайдын аймагы кеңейип, экологияга тийгизген терс таасири күчөп отурганы маалым.

Эң олуттуу коркунучтардын бири таштындынын дайыма күйүп туруусу болгон. Таштанды таштоочу жайда чогулган метандын айынан тынымсыз өрт чыгып, түтүн турак жайларга чейин жетип, шаар тургундарынын ден соолугуна олуттуу зыян келтирээр эле.
Мындан тышкары, абаны, топуракты жана жер астындагы сууларды да булгап келгени маалым. Таштандыдан чыккан уулуу заттар жерге сиңип, шамал таштандыларды айлана-тегеректеги аймактарга алып кетчү.
Бирок, бийлик бул маселенин жолун тапты. Эски таштанды таштоочу жайдын ордуна таштандыны утилизациялоочу завод курулду.

Анын курулушу өткөн жылы инвестициялык келишимдин негизинде башталып, ишкана жакында эле иштей баштады.
Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбековдун айтымында, эски таштанды таштанды таштоочу жай толугу менен рекультивацияланган.
Ал белгилегендей, өлкө башчысынын көрсөтмөсү менен аймакта ондогон жылдардан бери күйүп, абаны ууландырган өрттү толук өчүрүү иштери жасалган. Андан кийин ал жер топурак менен толтурулуп, рекультивацияланып, бак-дарактар отургузулуп, аймак коопсуз жана ыңгайлуу жайга айланды.
“Учурда аталган завод иштеп жатат. Анын расмий ачылышы жакында болору мерчемделүүдө.
Бишкекте күнүнө болжол менен 1 миң тонна таштанды чыгат. Ал эми завод суткасына 1 миң 200 тоннага чейин таштандыны иштете алат”,-деген ал.
Кайра иштетүү процесси болжол менен 30 МВт электр энергиясын иштеп чыгат, ал эми күйгөндөн кийин калган күл курулуш материалдарын өндүрүүгө жумшалат.
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун акими Улан Сарылбек уулу билдиргендей, учурда заводдо 500дөн ашуун адам иштейт.

“Бүгүн от казанды иштетип, таштандыларды күйгүзүп, бир эле убакта электр энергиясын ала баштадык. Күндүн соңуна чейин электр тармактарына берилген энергия болжол менен 18 МВт болот жана келечекте бул көрсөткүч дагы өсөт. Өндүрүлгөн электр энергиясы “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомунун линиялары аркылуу берилет”,-деп белгиледи ал.

“Экологиялык коопсуздук” бейөкмөт уюмунун директору Анара Султангазиева белгилегендей, заводдун курулушу борбордун курч экологиялык көйгөйүн чечүүгө жана абанын сапатын жакшыртууга жардам берет.
“Биз буга чейин таштанды таштоочу жайга жанаша жайгашкан “Алтын Казык” турак-жай комплексинин тургундарынын арасында сурамжылоо жүргүзгөнбүз. Анда беш миңден ашык адам жашайт. Алардын көбү түтүндөн жана таштандынын жытынан ден соолугу начарлап кеткенин билдиришкен. Таштанды таштоочу жайга химиялык жана медициналык калдыктар ташталып, кээде жаныбарлардын калдыктары да табылган. Бул аймактардын жашоочулары өпкө жана жүрөк оорулары, кан басымы жогорулап, аллергиялар көп катталып жатканын айтышат”, - деди ал.
Иликтөөлөргө ылайык, жай мезгилинде таштанды таштоочу жайга күнүнө 1 миң 700 тоннага чейин, кышында 2 миң 200 тоннага чейин таштанды ташылып келген.
Ошол эле учурда шаардын калкынын саны өсүүдө, Бишкектин аймагы кеңейүүдө, административдик-аймактык реформанын алкагында жаңы конуштар пайда болууда.
“Мен заводдун ачылганына абдан кубанып жатам. Себеби, бул көйгөй көп жылдардан бери коррупция жана бийлик алмашуулар менен коштолуп келе жатат. Азыр салыштырмалуу туруктуулуктун, экологиялык жана экономикалык чөйрөдө чечкиндүү чаралардын шартында абал жакшыра баштады”, - деп баса белгиледи Султангазиева.

Эксперт ошондой эле жеке компанияларга салык жеңилдиктерин, жеңилдетилген насыяларды жана гранттарды берүү аркылуу таштандыларды чогултуу жана кайра иштетүү боюнча аутсорсингди сунуштады.
Анын пикиринде, мындай чаралар калдыктарды башкарууну акыры системалаштырууга мүмкүндүк берет.
Бийлик таштандыларды чыгаруу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселесине олуттуу мамиле кылганын белгилей кетүү керек. Келечекте мындай комплекстерди республиканын башка ири шаарларында да куруу пландаштырылган.