Таштанды өрттөгөндөргө жоопкерчилик күчөтүлөт. ЖК мыйзам долбоорун колдоду

Жогорку Кеңеш 16 сентябрь 2026 15:00
Таштанды өрттөгөндөргө жоопкерчилик күчөтүлөт. ЖК мыйзам долбоорун колдоду

Бишкек, 16.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында "Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда кабыл алынды. Бул туралуу парламенттен билдиришти.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Дастан Бекешев.

Долбоор калктуу конуштарды көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы, таштандыларды атайын белгиленбеген жайларга таштагандыгы, үйгөндүгү же өрттөгөндүгү, ошондой эле суу чарба курулмаларын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган.

Мындан тышкары, айып пулга альтернатива катары эреже бузгандарды коомдук жумуштарга тартуу мүмкүнчүлүгүн кошуу сунушталууда.

Ошону менен бирге депутаттар министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген "Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Мыйзам долбоору Укук бузуулар жөнүндө кодексин Санарип кодексине ылайыкташтыруу максатында иштелип чыккан.