Таштанды полигонундагы талкуу: Жаңы завод жана 50 миң көчөт Бишкектин абасын кантип өзгөртөт?

Экология Загрузка... 18 Февраль 2026 10:53
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 18.02.26. /Кабар/. Бишкектеги санитардык полигондо жайгашкан таштандыны кайра иштетүүчү заводдо атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу маселелерине арналган коомдук угуу болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэри Айбек Жунушалиев коомдук угуунун катышуучуларына жаңы завод Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртууда маанилүү кадам экенин баса белгиледи.

Ошондой эле шаар жетекчиси мурдагы Экологиялык кеңештин жыйынында берилген сунуштар аткарылганын айтты. 2025-жылы жашылдандыруу планы 15 миңден 18 миң көчөткө чейин көбөйтүлүп, алар мектептерге жана шаардын аймактарына отургузулган. 2026-жылы бул көрсөткүч 50 миң көчөткө жеткирилет.

“Экологиялык кеңеш — бул Бишкек шаарынын мэриясы сын-пикирлерди жана конструктивдүү сунуштарды угууга, иш-аракеттер планын иштеп чыгууга жана жыл жыйынтыгында отчет берүүгө даяр болгон аянтча”, — деп белгиледи Жунушалиев.

Угуу учурунда негизги көңүл эки көйгөйгө — ышка жана абанын булганышына бурулду. Катышуучулар бир катар суроолорду берип, сунуштарын айтышты. Мэр катышуучуларга жарандык активдүүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Экологиялык кеңеште айтылган бардык демилгелер мэриянын тиешелүү түзүмдөрү тарабынан ишке алынарын айтты.