Таштанды аянтчаларынын жанына унаа токтоткон 5 айдоочуга айып салынды

Коом 1027 28 Февраль 2025 16:19
482216418_1066311455544708_2405532243369665296_n.jpg
480784475_1066311625544691_218486112230790238_n.jpg
481264086_1066311542211366_3326916760928709402_n.jpg
481511841_1066311538878033_5065825233733222853_n.jpg
480961451_1066311518878035_8886241508292488748_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 28.02.25. /Кабар/. Таштанды контейнерлеринин жанына унааны токтоткон айдоочуларга айып салынат.

Мэриядан билдиришкендей, таштанды аянтчаларынын жанына унаасын токтоткон 5 айдоочуга айып салынды. айдоочулар Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелеринин 66-пунктун бузгандыгы үчүн "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 114-беренеси боюнча протоколдор түзүлүп, төрт айдоочуга 9 000 сом, 1 юридикалык жакка 13 000 сом айып пул салынды.

Белгилей кетсек, борбор калаада жашыл аймакта унааларды токтотууга жана жайгаштырууга тыюу салынган. Бул үчүн да 3 000 сомдон 13 000 сомго чейин айып пул каралган.

"Муниципалдык инспекция Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерин сактоону чакырат. Бул эрежелерди менчигинин түрүнө карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактар сакташы керек",-деп айтылат маалыматта.