Ташкентте Өзбекстан менен ТМУнун кызматташтыгы талкууланды

Коом Загрузка... 13 Май 2025 16:16
photo_13_10.jpg
copyright icon Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги

Төлөнбай Курбанов

Бардык материалдар

Ташкент, 13.05.25. /Кабар/. Өзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов бүгүн Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев менен жолугушту. Анда уюм алкагындагы кызматташтыктын учурдагы абалы жана келечеги боюнча пикир алмашылды.

Өзбекстан президентинин демилгелерин ишке ашыруу, ошондой эле мүчө өлкөлөр ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштарды тереңдетүү маселелери көңүл чордонунда болду.

Тараптар Будапештте өтө турган саммитке даярдыкты да карап чыгышып, бул жыйын түрк дүйнөсүнүн ынтымагын бекемдөөгө өбөлгө болоорун белгилешти.