Ташкент, 26.02.25. /Кабар/. Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Дүйшөнкул Чотонов Өзбекстандын транспорт министри Илхом Махкамов менен транспорт тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташуунун олуттуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу Ташкенттеги кыргыз дипмиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда темир жол куруунун бир катар маанилүү долбоорлору көңүл чордонунда болду. Тактап айтканда, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун жана бул жаатта жогорку деңгээлдеги иш сапарлардын жыйынтыгында жетишилген башка макулдашууларды ишке ашыруунун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Тараптар транспорт тармагында өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендиктерин билдиришкени айтылат.