Ташкент, 10.03.25. /Кабар/. 2025-жылы Өзбекстандын борбору 10 млрд доллар өлчөмүндө инвестиция тартууну пландаштырууда. Бул тууралуу Ташкенттин мэри Шавкат Умурзаков Узбекистан 24 телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын биринчи жарымында 2,9 миллиард доллар инвестиция тартылышы күтүлүүдө, анын 2,8 миллиард доллары чет элдик инвестиция болот. Жылдын экинчи жарымында бул көрсөткүч 3,9 миллиард долларга жетиши керек, анын 3,8 млрды чет өлкөдөн келет. Натыйжада капиталдык салымдардын жалпы көлөмү 6,8 миллиард долларды түзөт, анын 6,6 млрд доллары чет элдик инвесторлор тарабынан берилет.
Инвестициялык программанын алкагында 2025-жылы Ташкентте 2,5 млрд долларлык 582 долбоор ишке ашырылып, 27,5 миң жаңы жумушчу орун түзүлөт. Анын ичинен 2,1 млрд долларлык 488 долбоор тейлөө тармагына тиешелүү жана 428 млн долларлык 94 долбоор өнөр жай тармагында ишке ашырылат.
Кошумчалай кетсек, Ташкент бийлиги 2025-жылы баш калаанын экспортунун көлөмүн 4,8 млрд долларга жеткирүүнү пландаштырууда. Умурзаков системалуу мамиле инвестиция тартуу процессин жеңилдетүүгө жана шаардын экономикасын чыңдоого жардам берерине ишеним билдирди.
Эскерте кетсек, Ташкент шаарына инвестициянын көлөмү 2024-жылы 3 млрд долларды түзгөн, ал эми 2023-жылы андан да төмөн болгон. Расмий маалыматка ылайык, борбор калаанын туруктуу калкы 3 миллион адамды түзөт.