Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Бүгүнкү күндө Кыргызстан санарип технологияларды киргизүү, блокчейн инфраструктура жана стейблкоиндерди чыгарууга байланыштуу экономикалык өнүгүүнүн жаңы этабында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.
Ал белгилегендей, улуттук криптовалюта жана санарип сом бул багыттагы негизги долбоорлордун бири болуп саналат.
"Бул тармакты өнүктүрүү - биздин мамлекет үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Кыргызстан виртуалдык активдер чөйрөсүндө жөн гана катышуучу эмес, инвестицияларды жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү тартуу менен аймактагы лидер боло алат. Бул долбоор финансы системасынын өнүгүшүнө түрткү берип, чек ара аралык эсептешүүлөрдү жеңилдетип, эл аралык өнөктөштөрдүн биздин экономикага болгон ишенимин бекемдейт, ошондой эле мамлекеттик бюджетти толуктоонун кошумча булагы болуп калышы мүмкүн", - деп билдирди ал.
Ошондой эле Ташиев УКМКнын криптоалмаштыруучулардын жана биржалардын мыйзамсыз аракеттерине кийлигишүүсүнөн кийин виртуалдык активдер рыногунун катышуучуларынан түшкөн салыктык чегерүүлөр 1 млрд сомдон ашканын белгилеп, бул чек эмес деп эсептей турганын билдирди.
"Эмитенттерге, виртуалдык активдерге милдеттүү көз карандысыз аудиттен өтүү шарты менен жаңы салык режимдерин жана жеңилдиктерди киргизүү өлкөгө кошумча инвестицияларды тартууга, алтын, металл жана башка чийки товарлардын негизинде токендерди чыгарган компаниялардын катышуусун кеңейтүүгө, ошону менен Кыргызстанда реалдуу активдер менен камсыздалган санариптик рынокту түзүүгө көмөк көрсөтөт", - деди ал.
УКМК башчысы санарип активдер чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты координациялоо жана ишке ашырууга жооптуу органдары ийкемдүү жана рыноктун динамикасына тез жооп берүүгө жөндөмдүү болушу керектигин баса белгиледи.
"Биз жай аракеттенүүгө мүмкүнчүлүк бере албайбыз, анткени бул тармактагы ийгилик көбүнчө мамлекеттин жаңы реалдуулуктарга жана тенденцияларга ыңгайлашуу жөндөмүнөн көз каранды. Санариптик трансформация жолун басып өткөн өлкөлөрдүн жана уюмдардын тажрыйбасын изилдеп, колдонуу маанилүү. Кыргызстан каталарды кетирбей, текшерилген чечимдерди киргизүү үчүн виртуалдык активдер жаатында практикалык билими бар эксперттердин жана адистердин потенциалын тартып, колдонушу зарыл. Мындай ыкма долбоорлордун техникалык жана финансылык туруктуулугун камсыз кылууга, инвесторлордун ишенимин жогорулатууга жана активдерди сактоо жана башкарууга байланышкан тобокелдиктерди төмөндөтүүгө мүмкүндүк берет", - деп тактады Ташиев.
Анын айтымында, бул ошондой эле атаандаштыкка жөндөмдүү жана ачык-айкын чөйрөнүн түзүлүшүнө, коопсуздук аудитинин стандарттарын сактоону камсыздоого, ошондой эле Кыргызстандын виртуалдык активдерди чыгаруу боюнча борбор катары позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
"Бирок, алдыга умтулуп жатып, биз санариптик экономика – бул мүмкүнчүлүктөр гана эмес, ошондой эле тобокелдиктер экенин түшүнүшүбүз керек. Менин жеке ишенимимде, ченемдик-укуктук базаны түзүүдө жана мыйзамдык актыларды иштеп чыгууда, биринчи кезекте улуттук кызыкчылыктардан жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу маселелеринен чыгуу зарыл. Бул чөйрөдөгү ар бир чечим саясий, экономикалык, репутациялык жана санкциялык тобокелдиктер жагынан, айрыкча өнөктөштөрдү тандоодо кылдаттык менен ойлонулушу керек", - деп билдирди ал.
Ташиев социалдык инженердик техниканы, технологияны жана жасалма интеллектти колдонуу менен байланышкан заманбап чакырыктар өзүнчө маселе экенин баса белгиледи.
"Бул каражаттар көбүнчө мамлекеттин финансылык коопсуздугуна зыян келтирген чек аралык кибер кылмыштуу топтор тарабынан колдонулуп, алардын курмандыгы кээде жөнөкөй жарандар болуп калышат. Ошондуктан коопсуздук жана көзөмөл системасы санариптик долбоорлордун архитектурасына эң башынан эле киргизилиши керек. Бул багытта улуттук коопсуздук органдары виртуалдык активдер үчүн кылмыш-жаза мыйзамдарына жоопкерчилик киргизүү маселесин иштеп чыгууда. Мисалы, Беларусь, Өзбекстан, БАЭ, Венгрия сыяктуу өлкөлөрдүн тажрыйбасы каралууда. Криптоактивдер акчаны адалдоо, терроризмди каржылоо, баңгизат сатуу жана башка деструктивдүү ишмердүүлүк үчүн жогорку деңгээлде анонимдүү инструмент экени жалпыга маалым", - деп билдирди ал.
Анын маалыматы боюнча, түзүлгөн тергөө практикасы криптоактивдер менен мыйзамсыз операцияларды жасагандарды жоопкерчиликке тартуу үчүн так укуктук негиз жок экенин көрсөтүүдө, бул кылмыштуулуктун бул түрү менен натыйжалуу күрөшүүгө толкоолдук жаратууда.
"Буга байланыштуу, криптоактивдердин жүгүртүүсү боюнча ишмердүүлүктү – алмашуу, сатуу, тиешелүү лицензиясыз кызмат көрсөтүүгө тыюу салууну, аны бузгандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин белгилөө менен караштыруу керек.
Биздин милдет – инновациялык коопсуздук менен мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарынын ортосундагы тең салмактуулукту камсыз кыла турган системаны куруу. Рыноктун бардык катышуучуларынын жоопкерчиликтүү мамилеси жана иш-аракеттерин натыйжалуу координациялоо аркылуу биз санариптик экономиканы өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттарынын бирине айланта алабыз", - деп кошумчалады ал.