Таш-Көмүрдө Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имараты курулууда

Аймак 90 14 Август 2026 15:50
b9b031bb-f74a-4469-98e7-a34b786174bd.jpg
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 14.08.26. /Кабар/. Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Таш-Көмүр шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имаратынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Министрликтен билдиришкендей, жаңы имарат 150 орунга ылайыкталган. Долбоорду ишке ашырууга 250 млн сом каралган.

Курулуш иштерин текшерүүнүн жүрүшүндө министр долбоорду ишке ашырууда белгиленген сапат талаптарын жана мөөнөттөрдү сактоонун зарылдыгын белгиледи.