Бишкек, 12.08.26. /Кабар/. Таш-Көмүр шаарындагы кароосуз калган "Капитальная" көпүрөсүн кайра жандандырып, туристтик объектке айландыруу боюнча эскиздик долбоор иштелип чыкты.
Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоордо жалпы аянты 19 миң 650 чарчы метр болгон аймакта ресторан, панорамалык A-frame үйлөрү жана эс алуу аллеясын жайгаштыруу каралган.
"Капитальная" көпүрөсү мурда шаардагы шахта башкармалыгы тарабынан көмүр ташууда пайдаланылып келген. Көмүр атайын жол аркылуу көпүрөдөн өткөрүлүп, темир жолго жеткирилген. Советтер союзу тарагандан кийин көмүр өндүрүү токтотулуп, көпүрө пайдаланылбай калган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда аймакты иретке келтирип, шаардын туристтик потенциалын жогорулатуу максатында аны заманбап эс алуу жайына айландыруу сунушталууда.
Иштелип чыккан эскиздик долбоор тиешелүү мамлекеттик органдарга кароого жана сунуштарды эске алуу үчүн жөнөтүлдү.